18.06.2018 13:23

Өлкөгө жыл башынан бери 700 миллион доллар которулган

Өлкөгө жыл башынан бери 700 миллион доллар которулган

Чет жакта эмгектенип жүргөн кыргыз мигранттары жыл башынан бери өлкөгө 700 млн доллардан ашык акча которушкан. Бул туурасында бүгүн Улуттук банк билдирди.

"Жыл башынан бери өлкөгө эмгек мигранттарынан 700,5 млн доллар которулган", -деп жазылат билдирүүдө. Улуттук банктын маалыматы боюнча, бул өткөн жылга салыштырмалуу 84,5 млн долларга көп. 

Өлкөгө кирип жаткан акча каражаттарынын 95 пайызын Россиядагы мекендештер которгону айтылат. 

Былтыр жыл ичинде кыргыз мигранттары үйлөрүнө 2,4 млрд доллар жөнөтүшкөн. Ал сумманын 2,2 млрд доллары Россияда эмгектенген мигранттардан келген.