18.09.2018 08:30

Өлкөнүн айрым аймактарында 18-21-сентябрь күндөрү жаратылыш газы өчүрүлөт

Өлкөнүн айрым аймактарында 18-21-сентябрь күндөрү жаратылыш газы өчүрүлөт

Өлкөнүн айрым аймактарында 18-21-сентябрь күндөрү жаратылыш газын берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу төмөнкү райондордо жаратылыш газын берүү токтотулат: 
- 18-19-сентябрда Бишкек шаарынын Волков, Мессароша, Дубосековский, Кайназарова көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;
- 19-сентябрда саат 9:00-16:00 чейин Жалал-Абад шаарында;
- 19-сентябрда саат 9:00-17:00 чейин Талас облусунун Аманбаев айылынын Жолдошев көчөсүндө;
- 19-20-сентябрда Бишкек шаарынын Айни, Кудайбергенов, Сухомлинов, Табалдиев көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;
- 20-21-сентябрда Бишкек шаарынын Пр.Зима, Баялинов, Манас, ЧЧК көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында.

Компаниядан оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатканын маалымдашты.