10.10.2018 10:00
Өлкөнүн айрым облустарында алдыдагы күндөрү үшүк жүрүшү күтүлөт
Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында алдыдагы күндөрү үшүк жүрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматта «2018-жылдын 11-12-октябрында Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериңде абанын температурасы 0…-2°, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда абанын температурасы -1…-3° төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт», -деп жазылган.
Үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштер үчүн коркунучтуу жана мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: