10.10.2018 10:15

Өлкөнүн бир катар шаарларында көгүлтүр отун убактылуу өчүрүлөт

Өлкөнүн бир катар шаарларында көгүлтүр отун убактылуу өчүрүлөт

Өлкөнүн бир катар шаарларында 10-12-октябрь күндөрү жаратылыш газы жок болот. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынан билдиришти. 

Ишкана оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу төмөнкү райондордо жаратылыш газын берүү токтотула тургандыгы боюнча газ колдонуучуларды маалымдайт:

- 10-октябрда Жалал-Абад шаарынын Дружба көчөсүндө;
- 10-11-октябрда Ош шаарынын Алиев, Р.Абдыкадыров, Моминов көчөлөрүндө;
- 11-октябрда Ош шаарынын Анар көчөсүндө;
- 11-12-октябрда Бишкек шаарынын Левоневского, Айни, Вилюйский, Циолковский көчөлөрүндө.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.