29.03.2018 09:20
Өмүрбек Бабановго карата экинчи кылмыш иши ачылды

УКМК Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш ишин бийликти басып алууга даярдануу фактысы менен өзүнчө бөлүп карамай болду. Тергөө жүрүүдө. Бул тууралуу аталган органдан билдиришти.
Буга чейин Башкы прокуратура “Республика-Ата Журт” партиясынын лидерине жана башкаларга карата кылмыш ишин козгогон. Бабановду конституциялык түзүмдү күч колдонуп өзгөртүү, улуттук, расалык жана диний кастыкты козутууга эл алдында чакырык таштаган деп айыпташкан.
Буга анын шайлоо алдындагы үгүттөө өнөктүгү учурунда Оштогу “Амир-Тимур” кичирайонунун тургундары менен жолугушкандагы сөздөрү себеп.

interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Май 2025
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
Выбранная дата: