11.04.2018 11:57

Өмүрбек Текебаев жаткан камерадагы видеокөзөмөл алынат

Өмүрбек Текебаев жаткан камерадагы видеокөзөмөл алынат

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн ЖАМКка соттолгон Өмүрбек Текебаев жайгашкан жайдагы видеокөзөмөлдөөчү камерага тийиштүү маселени карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 

"Ата-Мекен" фракциясынын мурунку лидери жаткан камерадагы видеокөзөмөлдү алып салуу тапшырмасы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматтын төрагасы Таалайбек Жапаровго берилди.

Кечээ «Ата-Мекен» парламенттик фракциясынын учурдагы лидери Алманбет Шыкмаматов  өкмөт башчыга дал ушундай өтүнүч менен кайрылган.

ЖАМК төрагасы маалымдагандай, аталган маселе оңдуу чечилет, айыпталган Өмүрбек Текебаевден түшкөн өтүнүч канааттандырылат. Видеокөзөмөлдөөчү камера имараттын тышына чыгарылат.