30.03.2018 13:01

Өрт өчүрүү кызматына акыркы жолу техника 10 жыл мурун сатылып алынган

Өрт өчүрүү кызматына акыркы жолу техника 10 жыл мурун сатылып алынган

Акыркы жолу Өрткө каршы кызматка атайын техника 2008-2009 жылдары сатылып алынган. Бул тууралуу  парламенттин КСДП фракциясынын отурумунда биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев билдирди.

Өрткө каршы кызматтын техникалык абалы тууралуу маселени депутат Эльвира Сурабалдиева көтөрүп чыкты. Анын айтымында, өрт өчүргүчтөрдө жаңы атайын техника жок, жада калса кийимдери оң эмес.  «Мындан сырткары, алар имараттардын чатырын жамаганга жардам  берүү өтүнүчү менен ишкерлерге кайрылып жүрүшөт. Жумуш жайлар начар абалда. Бул жагдайга да көңүл бөлүп коюуну сурайм», — деди Сурабалдиева.

Аскарбек Шадиев Өрт өчүрүү кызматынын абалы начардыгын  жана көп кабаттуу үйлөргө жетүүчү  атайын тепкичтер менен жабдылган бир гана унаа бар экенин моюнга алды.

Ошондой эле, биринчи вице-премьер-министр өз  каражатына өрт өчүрүүчү унаа сатып алган Кулунду айыл өкмөтүн мисалга келтирди.  Өрт чыккан учурларда район борборунан жардам келбегендиктен, айылдыктар мындай кадамга барууга аргасыз болушкан.