26.04.2018 16:23

Өрттөн жапа чеккен Ош базарынын соодагерлерине 10 миң сомдон берилди

Өрттөн жапа чеккен Ош базарынын соодагерлерине  10 миң сомдон берилди

Ош базарындагы 30-январь, 5-март жана  13-апрель  күндөрү  чыккан өрттөн  жапа чеккен соодагерлерге 10 миң сомдон бир жолку акчалай жардам берилди. Бул туурасында Бишкек мэриясынан билдиришти. 

Мурда түзүлгөн тизме боюнча жардам алгандардын саны 488 адамды түздү.

Учурда  акыркы өрт чыккан  жерде соттук-экспертизалык, өрттүк-техникалык иш-чаралар жана  шилендилерди тазалоо иштери жүрүп жатат.

Жумуш орундар калыбына келгичекти жапа чеккен ишкерлерге Кулиев көчөсүнөн, Киев көчөсүндөгү жер алдындагы өтмөктөн, «Берекет Гранд» соода борборунун унаа токтоочу  жайынан соода жайлары убактылуу берилген.  

Экспертизанын бүтүмүнөн кийин"Берекет"  базарынын жетекчилиги оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт. Жапа чеккен соодагерлер мурда  ижарага алып иштеткен жайларын кайра ала алышат.  

Ал эми, «Сейтек» базарынын жана «Берекет плюс» соода жайынын жетекчилиги  ремонт иштерин бүтүрүп жатат. «Сейтектин» соодагерлеринин бир бөлүгү бүгүнкү күндө калыбына келтирилген орундарында соодасын улантууда.

Эске сала кетсек, 19-апрелде Бишкек мэри Албек Ибраимов Ленин районунун администрация башчысы нурдин Тынаев менен өрт чыккан жерге барып, жапа чеккен соодагерлер менен жолуккан. Жолугушуу маалында, калаа башчы аларга жардам берүүнү убадалаган болчу.