13.04.2018 14:14

Өрттөн зыян тарткан ишкерлерге колдоо көрсөтүүнү көзөмөлдөө Дайыр Кенекеевге тапшырылды

Сапар Исаков бүгүн Ош базарында жана Жалал-Абад  шаарындагы борбордук базарда өрттүн чыгыш себептерин аныктоо максатында жумушчу кеңешме өткөрдү.

ӨКМ министри Кубатбек Бороновдун маалыматына караганда, Ош базарына чакыруу түнкү 03:50до түшкөн.

"Өрт бир маалда 2-3 жерде башталган. Жалын Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги  «Берекет гранд» соода борборунан анча алыс эмес жерден тараган",-  деп билдирди министр. Өрттү өчүрүүгө 14 өрт өчүрүүчү техника тартылып, жалын 2,5 миң чарчы метрди жалмаган. Саат 07:40та өрт өчүрүлгөн.  

Жалал-Абад шаарындагы базарда өрт 1:57де чыккан. Күйүп кеткен аянт 1 миң 344 чарчы метрди түзөт.  Жеринде 6 өрт өчүрүүчү техника иштеген. Толугу менен эртең мененки саат  6:27де өчкөн.

ИИМ башчысы Улан Исраилов  өрттү кимдир-бирөө атайылап койгон деген божомолго көбүрөөк ыктап жатканын билдирди.Ошондой эле, бул факт боюнча учурда кылмыш иши козголгонун айтты.

 Маалыматтарды уккан соң, өкмөт башчы жабыркаган ишкерлерди колдоо үчүн бардык керектүү чараларды көрүү зарылдыгын билдирди.

«Биз муну соода кылган жарандарга олуттуу материалдык зыян келтирилгендигин эске алуу менен аткарышыбыз керек. Ошондой эле, ИИМ ишти тыкыр иликтеп, күнөөлүүлөрдү таап, аларды мыйзамга ылайык жоопко тартуу зарыл», - деди  Сапар Исаков.

Өкмөт башчы вице-премьер-министр Дайыр Кенекеевге өрттөн жапа чеккен эки базардын ишкерлерине  мамлекеттик колдоо көрсөтүү ишин  көзөмөлдөөнү тапшырды. Тиешелүү органдарга өрт коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экенин баса белгиледи.