19.06.2018 09:03

Өрттөнүп кеткен "Берекет" имаратынын ордуна жаңы соода борбор курулат

Өрттөнүп кеткен "Берекет" имаратынын ордуна жаңы соода борбор курулат

Бишкектеги күйүп кеткен "Берекет" базарынын ордуна жаңы соода борбор курулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Учурда жаңы соода борбор салынуучу жер даярдалып, казуу иштери  кызуу жүрүүдө. 
Буга чейин Сейсмология институту  өрттүн кесепетинен имараттын пайдубалдары коопсуздук ченемдерге жооп бербей калганын билдирген.

Мындан улам, эски негизди алып салуу иштери жүрүп, жакында эле аяктады.  Жаңы имарат курулуп бүткөндөн кийин тилсиз жоодон  жабыр тарткан ишкерлер жеңилдетилген шартта соода орундарына ээ болуп, 6 айдай  акысыз иш жүргүзө алышат. 

Буга чейин “Берекет” базары калыбына келгиче, Бишкек шаарынын мэриясы тараптан убактылуу соода кылуучу орундар жана бир жолу берилүүчү материалдык жардам көрсөтүлгөн

ЖАК «Берекет» жаңы имаратты кыска мөөнөттө курууну пландаштырууда.