22.10.2018 13:01

Өзбекстан менен Кыргызстан чек арадагы эки талаш тилке боюнча бир чечимге келди

Өзбекстан менен Кыргызстан чек арадагы эки талаш тилке боюнча бир чечимге келди

Өзбекстан менен Кыргызстан чек арадагы эки талаш тилке боюнча бир чечимге келди. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 15-21-октябрда эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жумушчу тобунун жыйыны өтүп, анда Фергана өрөөнүндөгү эки аймактын чегин белгилешти.

Буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстан дагы бир талаш аймак боюнча бир пикирге келгендиги маалымдалган. Бирок, кайсы жер экендиги ачык айтылган эмес.

Кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1378 километр. Анын 1100 километри аныкталды.