08.08.2018 14:19

Өзбекстан менен Кыргызстан дагы эки чек ара тилкеси боюнча макулдашууга келишти

Өзбекстан менен Кыргызстан дагы эки чек ара тилкеси боюнча макулдашууга келишти

Өзбекстан менен Кыргызстан дагы эки чек ара тилкеси боюнча макулдашууга келишти. Өзбекстан ТИМи билдиргендей, 1-7 август аралыгында Ферганада эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү өткөрүштү. Анын жүрүшүндө тараптар аймактарды иликтөөнүн жыйынтыктарын карашты.

Жолугушуу учурунда Фергана жана Баткен облустарына чектеш Шахимардан жана Газнов тилкелери аныкталды. Андан соң протоколго кол коюлуп, Фергана, Наманган жана Баткен менен Жалал-Абад облусундагы калган тилкелерде иликтөө жүргүзө турган күндү белгилешти.

Былтыр Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170 чакырымы же 85% такталган. Калган 208 чакырым же 15% 2017-жылдын соңуна чейин макулдашылары айтылып, бирок ишке ашпай калган. Адистер чек аранын калган бөлүгү эң оор участкалар экенин, муну тактоо жакын арада бүтпөй турганын айтып келет.