22.06.2018 18:10

Өзбекстан профсоюзу жумушчуларды Ысык-Көлдө эс алдырмай болду

Өзбекстан профсоюзу жумушчуларды Ысык-Көлдө эс алдырмай болду

Өзбекстандык 150 жаран эс алып кетүү үчүн Ысык-Көлдү беттеп, сапарга чыгышты. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстан менен Өзбекстандын башчыларынын ортосундагы мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында жана 2018-жылдын 22-23-май күндөрү Ташкент шаарында өткөрүлгөн "КТЕ Ташкент 2018" Биринчи туристтик көчмө көргөзмөсүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан жумуштарды улантып, өлкөбүздүн Өзбекстандагы Элчилиги жана Өзбекстандын кесиптик бирликтер (профсоюздар) Федерациясы Өзбекстандын бардык аймактарында жайгашкан эң ири өнөр жай ишканаларынын жана уюмдарынын жамааттарынын Ысык-Көлдөгү курорттук-эс алуу мекемелеринде эс алууларын уюштурушту.

Жарандар 8 жылдык тыныгуудан кийин 2018-жылдын март айында жандандырылган «Ташкент-Бишкек-Балыкчы» темир жол каттамы менен келишмекчи.