13.03.2018 12:58

Өзгөндө 14 адам кышкы салатка ууланып, ооруканага түштү

  Уулануу фактысы (1 материал)
Өзгөндө 14 адам  кышкы салатка ууланып,  ооруканага түштү

Ош областынын Өзгөн шаарында тамак-аштан уулануу фактысы катталды. Бул тууралуу Оорулардын 
алдын  алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Жабыркагандардын саны 14 адам, алардын төртөө жаш балдар. Уулангандар 11-мартта консервацияланган жашылча салатын жешкен.  12-мартта медициналык жардам сурап 9 адам кайрылса, бүгүн, 13-мартта дагы 5 адам Өзгөн шаарынын аймактык ооруканасына жаткырылган.

Алардын үчөө оор абалда, бири- реанимация бөлүмүндө. Учурда керектүү иш-чаралар өткөрүлүүдө. Баарына ботулизмге каршы дары сайылды. Лабораториялык изилдөө жүргүзүүгө үлгү алынып, эпидемиологиялык иликтөө  уланат.