24.09.2018 13:00
Өзгөндө үй тиричилик техникаларын саткан дүкөндүн кампасы өрттөндү

© КР ӨКМ
Өзгөн шаарында үй тиричилик техникаларын саткан дүкөндүн кампасы өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Кырсык 2018-жылдын 23-сентябрь күнү саат 11:42 чамаларында болгон. Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан «Үй тиричилик техникалары» дүкөнүнүн кампасындагы 20 даана муздаткыч жана кир жуугуч машиналар күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, өрт саат 13:11де чектөөгө алынып, 14:00дө толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Апрель 2025
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
Выбранная дата: