07.09.2018 10:27

Өзүн-өзү өлтүрүү аракети. Бишкекте 53 жаштагы аял терезеден боюн таштады

Өзүн-өзү өлтүрүү аракети. Бишкекте 53 жаштагы аял терезеден боюн таштады

Бишкек шаарындагы «Чыгыш-5» кичирайонунда көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан 53 жаштагы аял боюн таштады. Бул туурасында Бишкек шаардык ИИББден билдиришти.

Кырсык кечээ, 6-сентябрда 18:30да болгон. Аял баш мээси чайкалып, жамбаш  сөөгү сынып, оор абалда 4-ооруканага жеткирилди.

Ал өзүн-өзү өлтүрүү максатында секирген деген божомолдор бар. Ошондой эле, жабырлануучу психикалык жактан оорулуу катары каттоодо турганы аныкталды.