18.02.2020 13:23
ӨКМ: Кара-Кулжада мектеп толугу менен күйүп кетти
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Коо-Чаты айылында Сагындык атындагы орто мектептен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өрт күн мурун, 17-февралда кечинде, балдар мектепте жок кезде чыккан.
Тилсиз жоо болжол менен 500 чарчы метр аянтты жалмаган.
Айрым маалыматтарга караганда, айыл эли колуна чака-челек алып, өрттү өчүрүүгө жана имараттан компьютерлерди алып чыгууга аракет кылышкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, мектеп толугу менен күйүп кеткен. Учурда себептери такталууда.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: