13.05.2020 11:03

ӨКМ: Жакынкы күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындын айынан сел жүрүшү ыктымал

ӨКМ: Жакынкы күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындын айынан сел жүрүшү ыктымал

14-17-май күндөрү айрым аймактарда сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу КР өзгөчө кырдаал министрлиги билдирет.    

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 14-майынан 17-майына чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

“Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл”, - деп айтылат маалыматта.