Өз аялын өрттөп өлтүрүүгө аракет кылган жаран кармалды
Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында жубайына бензин чачып, өрттөп жиберүүгө шектүү делип анын жарандык никедеги жолдошу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИББ билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-январда саат 16:20 чамсында, Каракол ШИИББнын нөөмөт кызматына шаардагы кафелердин биринин жанынан күйөөсү келинчегине бензин чачып, өрттөп жиберди деген маалымат түшкөн.
«Жети-Өгүз районунун 33 жаштагы Б.С. (аял киши) аттуу тургунуна жарандык никедеги жолдошу, Ак-Суу районунун 35 жаштагы тургуну Ч.Н. бензин чачып, өрт коюп жибергенден кийин окуя болгон жерден качып кеткени аныкталды. Келин алган жаракатынан улам Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылды», — деп айтылат маалыматта.
Аталган кылмышка шектүү делип Ч.Н. кармалды. Ал Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: