11.04.2020 15:35

Өзгөчө абал: Карызы бар абоненттердин свети өчүрүлбөйт

Өзгөчө абал: Карызы бар абоненттердин свети өчүрүлбөйт

Өлкөнүн айрым аймактарында киргизилген өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаалдар шартында карызы бар абоненттердин электр энергиясын жана ысык суунун берилиши өчүрүлбөйт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Белгилүү болгондой, калың түшкөн кардан, шамалдан, селдерден улам, анын натыйжасында бактардын жана устундардын кулашы, электр өткөрүүчү линиялардын үзүлүшүнүн натыйжасында 2020-жылдын 9-апрелинде республика боюнча 35-10(6) кВ тармактарында 40 авариялык өчүүлөр орун алган.

Авариялык кырдаалды жоюу үчүн көчмө ыкчам бригада жергиликтүү коммуналдык кызматтардын жардамы менен калыбына келтирүү иштерин аткарышты. Электр тармагындагы акыркы бузулуу 2020-жылдын 9-апрелинде саат 23.40 чамасында оңдолгон.

Учурда электр энергиясы жана ысык суу менен камсыз кылуу штаттык режимде жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, күнүгө өлкө боюнча энергетика түйүнүндө авариялык өчүрүүлөр болууда. Бул тармактын ыкчам оңдоо жана көчмө ыкчам бригадалары авариялык зыянга учураган жерге кандай гана убакыт болбосун барып, аны оңдоодо, деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан бери оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган.