21.02.2020 13:04

Өзүн Кудай атаган Арстан Алайга карата козголгон кылмыш иши токтотулду

Өзүн Кудай атаган Арстан Алайга карата козголгон кылмыш иши токтотулду

Арстан Алайга карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы Facebook-баракчасына жарандык активист Бурул Макенбаева жазып чыкты.

Ал эми кырнеттин колдонуучулары “Адистер Арстан Алайдын кудай эместигин аныктай албай коюшту” деп тамашалай башташты.

Ал ортодо активисттер Кыргызстанда кичине болсо дагы сөз эркиндигинин “жеңишин” белгилешти.

 «Ар бирибизде кудай бар!» - дейт Бурул Макенбаева.

Белгилей кетсек, Арстанбек Абдылдаев Кыргызстанда Арстан Алай аттуу каймана аты менен белгилүү. Анын тарапташтары ак үйдүн алдына чыгып, Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылышканда, Арстан Алайга диний кастык жаратуу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.