02.04.2020 12:14

Өзгөчө абал: Бишкекте карантинге алынган тилке кеңейтилди

Бишкектин түштүк тарабы дагы карантиндик чектөөгө алынды. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб кабарлайт. Ага ылайык, жаңы кошулган аймактарга жарандардын жана унаалардын өтүүсүнө тыюу салынат.
Алар төмөнкү көчөлөр:

  • Ахунбаев көчөсүнүн Бакаевден Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Сүйөркулов–Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн магистралга чейинки бөлүгү;
  • Масалиев көчөсүнөн баштап Байтик баатыр көчөсүнүн түндүк тарабы;
  • Масалиев көчөсүнөн баштап Малдыбаевдин түндүк тарабы;
  • Масалиев көчөсүнөн баштап Токтоналиевдин түндүк тарабы;
  • Масалиевден баштап Чыңгыз Айтматов проспектинин түндүк тарабы;
  • Бакаев көчөсүнөн баштап Ахунбаевдин чыгыш тарабы.


Мындай чектөөлөр аталган аймактарды дезинфекциялоо үчүн киргизилип жатат. Буга чейин чектөөгө алынган Бишкектин борбордук бөлүгүнда дагы дезинфекция иштери улантылат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстанда коронавирусту жайылтпаш үчүн өлкө аймагында өзгөчө кырдаал, ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.