04.05.2020 15:20

11-майдан тарта Бишкекке кирүүнү чектөө каралууда (видео)

11-майдан тарта Бишкекке кирүүнү чектөө каралууда (видео)

11-майда өзгөчө абал режими алынса Бишкекке жаңы чектөө киргизүү пландалууда. Бул туурасында Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова брифингде билдирди.

Анын айтымында, шаарга келе жаткандардан өткөрмө кагаз, экспресс-тесттин же ПЦР-анализинин жыйынтыгы тууралуу маалым кат талап кылынышы ыктымал.

"Мэрия Шаардык ички иштер башкармалыгы менен биргеликте жөө адамдардын жана автоунаалардын каттамын чектөө максатында ички санитардык постторду коюу маселесин карап жатат. Ошондой эле анализдеп чыгып, жаңы конуштардагы карантиндик чараларды күчөтүүгө өтөт. Райондук администрациялар санитардык постторду коюп, ооруну жуктургандар жана байланышта болгондор жашаган аймактардын баарын текшерет. Бейтаптар менен байланышкан адамдарды издөө чаралары күчөтүлөт", — деди Кузнецова.

Белгилей кетсек, 4-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 35 учуру катталды. Илдетке жалпы 830 адам кабылды. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 575 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган. 10 адам акка моюн сунду.

23-марттан тартып, 10-майга чейин Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал күчүндө болот. Өлкөнүн калган аймактарында өзгөчө кырдаал калтырылган.