06.11.2018 11:01

Бишкекте кийим жана кездеме сактоочу кампада чыккан өрттөн 900 м2 аянт күйүп кетти 

Бишкекте кийим жана кездеме сактоочу кампада чыккан өрттөн 900 м2 аянт күйүп кетти 

Бишкекте кийим жана кездеме сактоочу кампада өрт чыгып, 900 м2 аянт өрттөндү. Бул туурасында ӨКМден билдиришти. 

Жалын 2018-жылдын 5-ноябрь күнү саат 21:56да Элебесов көчөсүнүн №155 дарегинде жайгашкан 3 кабатуу контейнерден салынган «Дениз Текстиль» кийим жана кездеме сактоочу кампадан чыккан. 

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Свердлов райондук  өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм, Ленин райондук өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм, Октябрь райондук өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, Штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан 4 унаа менен 40 кызматкер, Суу чарба башкармалыгынан 1 суу ташуучу унаа, Чыгыш РЭТтен 1 бригада, Газ чарба кызматынан 2 унаа 5 кызматкер тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында 5-ноябрь күнү саат 23:29да өрт чектөөгө алынып, 6-ноябрь күнү саат 05:10до толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен кийим жана кездеме сактоочу жай толугу менен күйгөн. Бактыга жараша адамдар жабыркаган эмес. Өрттөнгөн аянт болжол менен 900 м2 түзөт. 

Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.