05.12.2019 19:58

Блогер Автандил Жоробеков үй камагына чыкты

Блогер Автандил Жоробеков үй камагына чыкты

Бүгүн, 5-декабрда блогер Автандил Жоробековдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыкты. Бул тууралуу укук коргоочу Чолпон Жакупова өзүнүн Facebook-баракчасына жазып чыкты.

Иш Бишкектеги Биринчи май сотунда каралган.

29-ноябрда жактоочу Жыргал Бабаев Бишкектеги Биринчи май сотуна арызы менен кайрылган.

Эске салсак, 24-ноябрда УКМК «БеспределKG» Facebook-баракчасынын администратору Автандил Жоробековду камакка алышкан. Атайын кызмат ага «Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн» деген кине коюуда.

Бирок эксперттердин жана социалдык тармактардын колдонуучуларынын басымдуу бөлүгү куч органдарынын аракетин сындашууда. Жана жаш блогерди колдоо максатында “Мен/Биз Автандил Жоробеков” аттуу колдоо акциясын башташкан.