14.05.2019 11:01

Францияда окуучулардын жетишсиздигинен 15 койду мектепке «кабыл алышты» 

Францияда окуучулардын жетишсиздигинен 15 койду мектепке «кабыл алышты» 

Францияда Кретс-ан-Белльдон коммунасындагы башталгыч мектепке окуучулардын жетишсиздигинен 15 койду кабыл алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. 

Жергиликтүү мектеп жаңы кабыл алынган окуучулардын санынын аздыгынан 11 класстын ордуна 10 класс гана калаары тууралуу билдирүү алган. Ата-энелер мындай кыскартууга каршы чыгышкан, алардын айтымында, бул класста балдардын санынын көбөйүшүнө алып келип, билим берүүнүн деңгээлине таасир этмек. 

Ата-энелер «Биз мал эмеспиз», «Мектепти башкаруу- үйүрдү эмес» деген ураандар менен каршылык акциясына чыгышкан. Аны менен бирге жергиликтүү малчы окуу жайга 65 кой айдап келген, алардын он бешин расмий түрдө мектепке кабыл алышты. Муну шаар мэри Жан-Луи Марэ тастыктады. Ата-энелер эми мектеп директоруна барып, классты кыскартуудан сактап калууну өтүнүшмөкчү.