30.08.2018 09:56

Ичимдиктин айынан жарандары көп каза тапкан өлкө аныкталды 

Ичимдиктин айынан жарандары көп каза тапкан өлкө аныкталды 

Кытай спирт ичимдиктерин ашыкча колдонуудан каза тапкан жарандарынын саны боюнча  сап башында турат. Бул туурасында Global Times гезити The Lancet медициналык  журналына шилтеме жасап билдирди. 

2016-жылы Кытайда 59 миң аял жана 650 миң эркек ичимдик көйгөйүнөн каза тапкан. Тизмедеги экинчи орунду 42 миң аял жана 290 миң эркек жаранынын өлүмү менен Индия ээледи. Алдыңкы үчилтиктин катарында Россия да бар: бул өлкөдө спирт ичимдиктерин көп колдонгондон 43 миң аял жана 180 миң эркек дүйнө салган.  

Журналдын маалыматына караганда, калкынын саны Россиянын элинен 2 эсе көп АКШ рейтингде 5-орунду ээлеген. Ал жакта 2016-жылы ичимдикти көп колдонуунун айынан 19 миң аял жана 71 миң эркек өмүрлөрү менен кош айтышкан.