30.11.2018 10:28

Кытайлык миллиардер казиного ири сумма уттуруп, компаниясын банкрот кылды 

Кытайлык миллиардер казиного ири сумма уттуруп, компаниясын банкрот кылды 

Gionee смартфон чыгаруучу компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Лю Лирон казинодо ири сумманы уттуруп жиберип, ишканасын банкрот болуу чегине алып келди, деп жазат Tech in Asia.

Маалыматка караганда, бизнесмен Сайпан аралындагы оюн-зоок жайларынын биринде 10 миллиард юанга жакын (1,4 миллиард доллар) акчасын уттуруп жиберген.

Люнун өзүнүн айтымында, ал уттурган акча бир аз азыраак  — «миллиарддын тегереги» (кайсы валютада экени айтылбайт). Ишкер Gionee компаниясына таандык акчаны коротуп жибергенин мойнуна алды. Так сумманы декабрда, компания банкрот болгондугу боюнча процедураларды баштаганда айтып берүүнү убадалады. 

2002-жылы негизделген Gionee алгачкы жылдары зымдуу телефондорду чыгарууга адистешкен эле,  кийин смартфон чыгарууга өткөн. Компания арзан телефон чыгарган өндүрүүчүлөргө атаандаштык түзө алган эмес, ошондой эле, эл аралык рынокко да чыга алган эмес. Жетекчилик жолу болбой жатканын маркетингге өтө көп акча сарптап жатканы менен байланыштырып келген. 2016-жылдан бери Gionee компаниясынын ар ай сайын кетирген чыгашасы 29 миллион долларды түзгөн.