07.03.2018 14:08

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган Жол чарба Департаментинин директору камакка алынды 

  Коом (6 материалов)
Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган  Жол чарба Департаментинин директору камакка алынды 

Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан Транспорт жана жол министрлигинин кызмат адамдарына карата козголгон  кылмыш ишинин алкагында, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Жол чарба Департаментинин директору А.Ибраев кармалды.

А.Ибраев өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, Нарын областынын Ак-Талаа районунун Ак-Талчат айылындагы “Нарын суусу аркылуу көпүрө” обьектисиндеги калыбына келтирүү иштеринин буйрутмаларын аткаруу үчүн мыйзамсыз түрдө өзүнө тиешеси бар “Кербенжолкурулуш” ААКсына 45,8 миллион сом ыйгарып бергени аныкталган.

2017-жылдын июль айында иш аткаруу келишими ошол эле жылдын сентябрь айына чейин бүтүрүү мөөнөтү менен түзүлүп, А.Ибраевдин көрсөтмөсү боюнча “Кербенжолкурулуш” ААКсынын эсебине банктын кепилдиги жок эле мыйзамсыз түрдө 35,3 миллион сом өлчөмүндө каражаттар алдын ала которулуп берилген.

Андан ары бул каражаттар коротулуп кеткени менен азыркы маалга чейин курула турган көпүрө ишке бериле элек.

А.Ибраевге КР Кылмыш-жаза Кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” “Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу”,  жана “Ачык соода-сатыктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу”  боюнча айыбы угузулуп, 2018-жылдын 6-мартында Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун  чечими менен Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын тергөө камак жайына кармоо  чечими чыгарылды. Тергөө жүрүп жатат.