09.07.2018 16:25

Лейлекте май куюучу жайда чыккан өрт кайдан башталганы аныкталды 

Лейлекте май куюучу жайда чыккан өрт кайдан башталганы аныкталды 

Баткен облусунун Лейлек районунун Жаштык айылындагы май куюучу жайдагы өрт жүк сактоочу жайдан чыккан. Ал жай мурдагы биринчи вице-премьер министр Аскарбек Шадиевдин апасы Айсана Шадиевага таандык болгон. Бул туурасында super.kg порталы Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып билдирди. 

Маалыматка караганда, 4-июль күнкү өрт алгач жүк сактоочу жайдан чыккан, жалын андан ары май куюучу жайга жармашкан. Жүк сактоочу жай Айсана Шадиевага таандык болгон.

"Өрт чыккан жай Айсана Шадиевага таандык болгон, ал ижарага берип 1982-жылы туулган Исманов Манас аттуу жаран ал жайды көптөн бери иштетип келген. Учурда факт боюнча "өрт коопсуздугун бузуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришкен басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, Лейлекте үстүбүздөгү жылдын 4-июлунда май куюучу жай өрттөнүп, анын  кесепетинен  төрт адам жабыркаган: бир кыргыз жараны жана 3 тажик жараны. Ошондой эле, 1 май куюучу станция толугу менен күйүп, 1 май куюучу станциянын кеңсеси жана 5 фура, 2 газ ташуучу унаа, 2 спринтер, 1 жеңил унаа күйгөн.