17.05.2019 12:03

Мусулман хиджабы биринчи жолу дүйнөдөгү эң популярдуу буюмдар тизмесине кирди 

Мусулман хиджабы биринчи жолу дүйнөдөгү эң популярдуу буюмдар тизмесине кирди 

Америкалык Nike бренди даярдаган Pro Hijab спорттук хиджабы биринчи ирет дүйнөдөгү эң көп суроо-талапка ээ болгон буюмдардан болуп калды. Бул туурасында The Independent билдирди.

Мусулмандардын баш кийими Lyst аналитикалык платформасы  түзгөн эң модалуу буюмдар рейтингинде 7-орунду ээледи. 

«Бул мода индустриясында жүрүп жаткан көптөгөн социалдык-маданий өзгөрүүлөрдү чагылдырат. Бүгүнкү күндө инклюзивдүү кийимге болгон керектөө жана суроо-талап өтө жогору», — деп түшүндүрдү Lyst кызматкери.

Nike компаниясы Pro Hijab баш кийимин 2017-жылы эл сынына койгон.  Ал аба өткөрүүчү чоюлчаак  материалдан жасалып, үч: кара, боз жана обсидиан түсүндө чыгарылган.