22.04.2020 14:16

Ошто белгисиз адамдар соода борборлорундагы жарнама такталарын алып жатышат (сүрөт)  

Ошто белгисиз адамдар соода борборлорундагы жарнама такталарын алып жатышат (сүрөт)  

Ош шаарында белгисиз адамдар соода түйүндөрүндөгү жарнама такталарын чечип алып жатышат. Бул туурасында «Апрелге» күбөлөр кабарлашты.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, иштер Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбагышовдун буйругу менен аткарылып жатат.

«Эч ким алдын ала экертүү алган эмес. Элдер жарнама такталарын өз эсебинен коюшкан, салык төлөшкөн, айрымдары эки айдан алты айга чейин алдын ала төлөшкөн. Азыр алар иштебей жатат, ээлери жок болгондуктан, алардын жарнамаларын алып жатышат. Элдер карантинден кийин акчасы жок кайтып келишет, аларды мындай нерсе күтүп турат. Мэриянын башка көйгөйү жокпу? Андан көрө бул кызматкерлерди подъезддерди дезинфекциялоого жөнөтсө көп пайда болмок! ” – деп тургандар нааразы.

 

 

Түштүк калаанын муниципалитетинен азырынча бул боюнча маалымат бере элек.