03.12.2019 14:11

Сапар Исаков: ЖЭБ боюнча сот адилетсиз жүрүп жатат

Сапар Исаков: ЖЭБ боюнча сот адилетсиз жүрүп жатат

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесстен 24.kg маалымат агенттиги кабар берди.

Тараптардын жарыш сөзүнө кезек берилди. Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун айтымында, модернизацияланган Бишкек ЖЭБдин актысын кабыл алуу ошол кезде өкмөттү жетектеп турган Сооронбай Жээнбековдун убагында болгон.

Айтымында, ЖЭБди ишке киргизүү тууралуу актыны эч ким жокко чыгарган эмес. Анда кытай тараптан берилген жылуулук борбору толугу менен макулдашууда көрсөтүлгөн параметрге дал келет деп так жазылып турат.

«Эмнеге айыптоочу корутундуда Сооронбай Жээнбеков ошол маалда өкмөт башчы болчу, ал эми өкмөттүн аппараты актыны жактырууга тапшырма берген деп эскертилген эмес? Эмнеге бул тууралуу эч бир жерде айтылбайт? Ушундай кантип болсун?», — деди Сапар Исаков.

Айтымында Укук коргоо органдарынын, УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын, тергөөчүлөрдүн алдына коюлган тапшырма- Сооронбай Жээнбековду эч жерде эскертпөө болгон.

«Адилеттүү болуу керек. Мен аны (Сооронбай Жээнбеков) жаман нерсе кылды деген жокмун. Баары өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштеген, ЖЭБди пайдаланууга берип, Кыргызстан энерго көз карандылыктан арылсын деген гана тилек эле. Мен эч кимди күнөөлөбөйм, анткени ар бирибиз долбоордо активдүү иштеп, өлкөгө пайда алып келели дегенбиз. Жыйынтыгында биз темир тор артында калдык», — деди мурунку өкмөт башчы.

Эске алсак, мамлекеттик айыптоочу мурунку премьер-министр Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыратууну суранды. Алардын айтымында, айыпталуучунун күнөөсү иштин материалы жана күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен далилденди.