27.03.2020 15:05

Сыртта жүргөн 5 кыргызстандыкта коронавирус чыкты

Сыртта жүргөн 5 кыргызстандыкта коронавирус чыкты

Чет өлкөлөрдө 5 кыргызстандыктан коронавирусу табылды. Бул тууралу саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы А.Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бириккен Араб Эмирликтеринде – 1 жаран (Сауд Аравиясынын Жидда шаарына барып келген);
Пакистанда – 3 жаран; Испанияда – 1 жаран.

“Алардын баары жеринде тийиштүү түрдө дарыланып жатат. Баарынын абалы жакшы. Испаниядагы кыргызстандыкта оору жеӊил формасында өтүп жатат, ошондуктан ал үй карантининде дарыланууда”, - коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы А.Акматова.