21.05.2019 10:00
Уникалдуу кадрлар. Талас облусунда илбирс менен сүлөөсүн фотокапканга «түштү»
Талас облусунун «Кара-Буура» паркында орнотулган фотокапкандарга илбирс, сүлөөсүн, тоо эчки, каман, улар жана кашкулак түшүп калган. Жаныбарлардын сүрөттөрүн April.kg порталына «Германиянын табиятын коргоо кеңеши» (NABU) жөнөттү.
Фотокапкандар сейил бакка 2019-жылдын мартында орнотулган. Алар деңиз деңгээлинен 2,5тен 4,05 метр бийиктикте жайгашкан. Парк кызматкерлеринин маалыматына караганда, мамлекеттик паркта Кызыл китепке кирген жапайы жаныбарлар жашайт- илбирс, күрөң аюу, аркар жана башкалар.
Эки айдан кийин фото капкандардагы сүрөттөр алынган.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: