Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаевге коронавирус жугуп, абалы оор 

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаевге коронавирус жугуп, абалы оор 

Коронавирус инфекциясы менен ооруканага түшкөн коомдук ишмер, Жогорку Кеӊештин экс-төрагасы Мукар Чолпонбаевдин абалы оор. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Чолпонбаев Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага 5-майда жаткырылган. Анын ден соолугунун абалы начарлашына байланыштуу, 12-майда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмүнө которулган. Бүгүнкү күндө бейтап өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратында жатат, абалы оор деп бааланууда.

Белгилей кетсек, 70 жаштагы Мукар Чолпонбаев 1995-1996-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы болгон.

Ал эми 15-майга карата Кыргызстанда коронавирус илдетине кабалгандардын саны 1111   кишиге жетти. Алардын ичинен 14 бейтап көз жумду, 745 бейтап айыгып үйлөрүнө чыгарылган.