08.07.2019 13:48

Өзбекстанда базардагы дааратканадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды (видео)

Өзбекстанда базардагы дааратканадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды (видео)

Өзбекстандын Денау районундагы базарлардын биринин дааратканасынан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. 

7- июль күнү  социалдык тармактарда коомдук ажатканага ташталган ымыркайдын табылганы тууралуу тасма жарыяланган. Видеодо  дарыгерлер, укук коргоо органдары жана башкалар табылган баланы өзүнө келтирүүгө аракет кылып жатканы көрүнүп турат. 

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги бөбөктүн өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгонун, учурда ал облустук перинаталдык борбордо дарыгерлердин көзөмөлүндө жатканын билдирди.  

«Ымыркай салмагы 3500 грамм, бою 50 сантиметр болгон кыз бала. Учурда анын абалы Саламаттыкты сактоо министрлигинин көзөмөлүндө. Дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп жатышат», – деген мекеменини басма сөз кызматы. 

Ымыркайдын апасы базардын тегерегине коюлган видеобайкоого түшүп калган. Ага издөө салынып, учурда табылды.