19.02.2020 09:00
Үй-бүлөлүк зомбулук: Аялын унаага сүйрөткөн жаран кармалды
Аялын унаа менен 5 метрге чейин сүйрөт барган Оштун тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 17-февралда болгон. 43 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну Жапалак айылында аялын мончодон кийин тосуп алып, ага зомбулук көрсөтөт.
«Жабырлануучунун айтымында, ал мончодо курбулары менен кармалып калган. Чыкса жолдошу кызганып унаа менен сүзүп, жыгылып калганда өтүп кетип, кайра кайрылып келип колунан кармап, унаа менен кошо жүгүрткөн. Жубайы кулап калганда 4-5 метрге чейин унаа менен сүйрөп кеткен», — дейт милиция.
Жабырлануучу учурда ооруканада.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: