Өз атасы тарабынан бычакталган тестиердин абалы оор, бирок өз алдынча дем ала баштады
Атасы тарабынан бычакталып № 3 Балдарды коргоо бейтапкапканасына жеткирилген өспүрүмдүн абалы оор. Бул тууралуу өкмөттүн басма-сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, тестиердин абалы оор болгону менен, ал жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгып өз алдынча дем алып калды.
Жабыр тарткан баланын абалынан вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова дагы кабар алып, дарыгерлерге тиешелүү дары-дармек менен камсыздап, медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүүнү тапшырды.
Эске сала кетсек, каргашалуу окуя 6-март күнү түшкү саат 12:00 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө аялын өлтүрүп, баласын бычактап, өзү ваннада жанын кыйган ата жөнүндө каргашалуу окуя маалымдалган.
Окуяда 10 жашар бала № 3 Балдарды коргоо бейтапканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: