17.10.2018 18:14

200 миң доллар пара алууга шектелген прокурордун иши боюнча тергөө аяктады

200 миң доллар пара алууга шектелген прокурордун иши боюнча тергөө аяктады

200 миң доллар пара алууга шектелген Башкы прокуратуранын өкүлү Улан Чалбаев боюнча тергөө аяктап, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ишти Башкы прокуратурага өткөрдү. 

Эми иштин сотко өтүшү Башкы прокуратуранын чечиминен көз каранды.

Буга чейин Чалбаевдин баш коргоо чарасы каралып, тергөө иштери бүткөнгө чейин камакка алынган. Ал 313-берененин 1-бөлүмү (пара талап кылуу) менен айыпталып жатат.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 16-апрелинде Улан Чалбаев 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.