17.04.2018 09:10

Башкы прокуратуранын өкүлү 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

Башкы прокуратуранын өкүлү 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоолорду колдоо жана соттогу өкүлчүлүгү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаевди 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармады.

Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Ыкчам-издөө иштери Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан жүргүзүлүп, прокуратура кызматкери 16-апрелде колго түшкөн.

Аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Негизинен Чалбаев 500 миң доллар талап кылгандыгы айтылууда.