Телеканал жөнүндө


Кыргызстанда жаңы, күнү-түнү иштеген маалыматтык санарип "Апрель"телеканалы 2018-жылдын 2-апрелинен баштап эфирге чыгууда. "Апрель" телеканалдын негизги контенти: маалыматтык-интеллектуалдык. Каналдын эфиринен жаңылыктар, талдоочу (аналитикалык), талкуу түрүндөгү жана автордук берүүлөр, концерттер, театралдык оюндар, көркөм окуулар, ошондой эле даректүү тасмалар көрсөтүлөт. Эфирдик убакыттын үчтөн эки бөлүгүн түз эфирде көрсөтүлүүчү берүүлөр түзөт: алар таңкы шоу жана жаңылыктардын ар бир сааттын башындагы жана кечки прайм-таймда кыргыз жана орус тилдеринде чыга турган бир сааттык жыйынтыктоочу чыгарылышы. Каналдын берүүлөрү  DVB-T2 тармагы, ошондой эле,  «Aкнет», «Смарт ТВ»,  ZOR-TV, Мегалайн  жана башка ири провайдерлер аркылуу  Кыргызстандын бардык аймагына жайылтылат. Спутник аркылуу- Борбордук Азиянын бардык, Орусия менен Европанын айрым аймактарында тартат. Каналдын аудиториясын 3,2 миллионго жакын потенциалдуу көрүүчүлөр түзөт. Негизинен, бул 18 жаштан 65 жаш куракка чейинки жарандардын категориясы.

"АПРЕЛЬ"  телеканалы күнү-түнү көрсөтөт (24/7). Берүүлөрдүн 50 пайызы - мамлекеттик тилде, 50 пайызы  расмий тилде болмокчу.

Телеканалдын эфирдик сеткасынын негизин ар саат башында түз эфирде чыгуучу жаңылыктар чыгарылышынан турган маалыматтык блоктор, ошондой эле, коомдук-саясий, социалдык, экономикалык темаларды камтыган берүүлөр, тарыхый  сереп, билим берүүчү жана көңүл  ачуучу долбоорлор түзөт.

Телеканалдын чыгармачыл жамааты узакка созулган, тыкыр тандоонун жыйынтыгында кыйла адискөй, калыптанган жана таанымал кабарчылар менен  теле алып баруучулар, ошондой эле өздөрүн мыкты көрсөтө алган тажрыйбалуу операторлор, монтаждоочу инженерлер, студия  жана түз эфир режиссерлорунан турат.

Белгилей кетсек, телеканалдын ишмердүүлүгү чындыкка жана коомдун кызыкчылыгын сыйлоо принциптерине негизделген.