01.05.2021 17:59

Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов жолукту. Ок атуу токтойбу?

Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов жолукту. Ок атуу токтойбу?

Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов жолукту. Кандай сүйлөшүү жүрдү?

 

Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери жолукту.  Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар түзүлгөн кырдаалды жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чырды жөнгө салуу аракеттерин талкуулашты.

“Чек ара аймактарында жүз берген окуя эч качан кайталанбашы керек. Анткени бул тилкеде биздин ынтымактуу эл жашайт. Биз саясатчылар мүмкүн болушунда тынчтык жолу менен маселени чечишибиз керек. Жакын арада көйгөйлөр чечилип, толук туруктуулук орнойт деп ишенем”-деди Саймумин Ятимов.

 

“Биздин эл оор мезгилди баштан кечирип жатат. Эки өлкө үчүн тең трагедия болду. Ок атышууну толук токтотуп, аскер түзүмдөрүн чыгарып кетүү чечимин кабыл алдык. Бүгүнкү күндөн тартып тынчтык орнойт, өзгөчө чек ара аймактарында”- деди Камчыбек Ташиев

 

Белгилей кетсек, бул жолугушууну өткөрүү тууралуу макулдашууга эки өлкө башчыларынын телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген.