01.05.2021 15:39

Тажик тарап снайперлер менен аткылап жатышат

Тажик тарап снайперлер менен аткылап жатышат

Тажик тарап снайперден ок чыгарып жатышат.  Баткен облусунун чек ара аймактарында абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн Көк-таш айылынын тургуну, айылдык кеңештин депутаты Жоробай Осмонов билдирди.

«Биз Көк-Таш айылына барып, келишим болгонун айттык. Кийин тажик тарап жолго шагыл төгүп, Төрт-Көчөнү жаап алышты салышты. Бийлик өкүлдөрү көзүңөрдү ачкыла! Биздин келишимге көнгөн бийликтегилер тажиктерге алданбагыла. Биздин элди курчап алса деле эч нерсе кылбай отура бересиңерби? Мен өзүм кече Көк-Ташта согушта болдум. Менин көзүмчө биздин танкты гранатомет менен уруп атса, биздин офицер буйрук бербей койду, биздин танкисттер ыйлап жатышат:  «Бизде буйрук жок, ата албайбыз деп».

Чыр-Дөбөгө аскерлерди коштоп бардым. Биздин аскерлерге «Отмена» деген буйрук берип чакыртып алышты. Биз кетерибиз менен тажик тарап снайперлер менен аткылап кууп салышты –дейт Осмонов.

Эске салсак, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында жүз берген жаңжалдан Кыргызстандан 33 адам каза таап, 163 адам жарат алды.