30.08.2021 18:34

Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады

Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады

Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Эгемендүүлүк алгандан бери отуз жыл өттү. Бул жылдар аралыгында биздин өлкө көптөгөн сыноолордон өттү. Отуз жылдын ичинде элдик көтөрүлүштүн натыйжасында бийлик үч жолу алмашканын айтсак эле жетиштүү. Бүгүн дагы азыркы бийлик мөөнөтүнүн аягына чейин тынч отурат деп эч ким кепилдик бере албайт. Бул бийликке да суроо көп...

"Урматту мекендештер!

Эгемендүүлүк алгандан бери отуз жыл өттү. Бул жылдар аралыгында биздин өлкө көптөгөн сыноолордон өттү. Отуз жылдын ичинде элдик көтөрүлүштүн натыйжасында бийлик үч жолу алмашканын айтсак эле жетиштүү. Бүгүн дагы азыркы бийлик мөөнөтүнүн аягына чейин тынч отурат деп эч ким кепилдик бере албайт. Бул бийликке да суроо көп...

Азырынча мен кандайдыр баа бергим келбейт. Мен өзүм убагында көптөгөн каталарды кетиргем... Бирок жалпы эл шайлаган президенттердин ичинен мен гана мөөнөтүмдү тынч аяктап, тынч жол менен кийинки башчыга бийликти өткөрүп бергем. Мени эл Ак үйдөн кууп чыккан жок, тескерисинче дагы иштеп берсе деген ою бар болгон...

Душмандарым мени канчалык каралашпасын, отуз жылдын ичинде Кыргызстанда жасалган жакшы иштердин бир тобу мен мамлекетти жетектеп турган жылдарда жасалды. Президент Жапаров туулган айылына барганда, Боом аркылуу өтүүчү жолдун канчалык кооптуу жана тар экенин эстеди деп үмүттөнөм. Жолдон Кемин подстанциясын, Тамчы эл аралык аэропортун, Өрнөктөгү көчмөндөр цивилизациясынын музейин, Бостериден өтүп ат майданды жана спорт борборун көрсө керек. Өкмөт үйүнөн чыгып баратып, улуу Манас атабыздын жана Чыңгыз Айтматовдун эстеликтеринин жанынан өтүп, байкаган чыгар. Алар да менин демилгем менен орнотулган.

Өлкөнүн ар бир аймагында көп жакшы иштер жасалган. Аларды эл дагы деле эстейт деген үмүттөмүн. Бир гана мектептерди айтсам, үч жүзгө жакын жаңы мектеп курулган... Бул көбүнчө өлкөнүн экономикасынын тез өнүгүшүнө негизделген - мен жетекчилик кылган жылдары өлкөнүн ИДПсы дээрлик эки эсеге өскөн. Бул жылдар аралыгында 550 миллион доллар тышкы карызды кечүү жана 3,5 миллиард доллар өлчөмүндө гранттык жардам алып келүү да мүмкүн болгон.

Бирок ошол жылдардагы ийгиликтер каражаттан гана эмес, тескерисинче, элдин өз өлкөсүнө, өз журтуна ишенгенинен келип чыккан. Жана, албетте, ошондо өткөрүлүп баштаган Көчмөндөр оюндары элге дем берип, күч берип, духун, ишенимин көтөргөн. Кыйын мезгил болсо да, акча тартыш болсо да, Көчмөндөр үчүн каражат тапканбыз. Анткени элге дух, күч, ишеним бериш керек болчу! Оюндарды башкаларга, ал тургай бир боор элдерге өткөрүп берүү - бул чоң ката, кылмышка тете ката! Ондогон өлкөлөр катышкан Көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын командасы мелдештерде утуп жатканы абдан маанилүү болчу! Ар бир ийгилик, ар бир жеңиш биз үчүн маанилүү болчу! Өзүңөр күбө болдуңар: жакында Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында биздин балбандардын жеңиштери кыргыз элин канчалык бактылуу кылды, дем берди.

Ошол жылдары Алтай цивилизациясынын концепциясы жана андагы байыркы кыргыздардын ролу биринчи жолу түзүлгөн. Бүткүл өлкө боюнча көрнөк -жарнактар илинип, аялдардын улуттук кийимдеринин диний кийимге салыштырмалуу кооздугу баса белгиленди. "Ислам жана азыркы заман" эл аралык форуму өтүп, анда ар бир улуттун өзгөчөлүктөрүн сактоонун абдан керектиги баса белгиленди. "Тарых жана ата -бабаларды эскерүү күндөрү" мыйзам менен бекитилди.

“Ата Бейит” мемориалдык комплексинин концепциясы жактырылып, бүтүндөй комплекстин башталышы жана эң бийик жери катары 1916 -жылкы көтөрүлүштүн курмандыктарынын урматына салынуучу мемориал бекитилди жана салынды.

 Биз региондогу 1916 -жылдагы каргашалуу окуяларды эскерүү үчүн мамлекеттик деңгээлде иш -чаралар өткөргөн жалгыз өлкө болдук. Биз муну менен сыймыктанганбыз. Анан, албетте, бир күнү таланттуу сүрөтчү Таалай Усубалиевдин сүрөтүндөгү мемориалдын фону жана "Ата бейит" деген сөздөрү көрүүчүлөрдө кыргыздын муңдуу тарыхы эмес келечеги жөнүндө кайгылуу ойлорду жаратат деп түшүбүзгө да кирген эмес.

Сүрөтчүнүн бул чыгармасы эл ичинде “Кыргызстандын жаназасы" деп аталышы, менимче, бийликтегилерди терең ойго салышы керек. Бул элдик пикир жаңы бийлик мамлекетти он ай гана башкаргандан кийин эле пайда болгону, көптөгөн адамдар жакшы жакка өзгөрүүлөргө үмүтүн үзүп, өлкөнүн келечеги бар экенине ишенбей баратканын далилдеп жатат...

Бул сүрөттө Садыр Жапаров мурдагы президенттердин катарында эң акыркысы болуп турат.

Демек жаназаны ал өткөрөбү? Кыргызстанды ал көмөбү? Эмнеге элде ушундай ой, пикир пайда болду? Балким, президент ойлоноор маал келди? Туура жолду тандадыбы? Өлкөнү туура багытта алып бара жатабы?

Жаңы бийликке чындыктын жана адилеттүүлүктүн жолу керекпи же калптын жана эки жүздүүлүктүн жолу керекпи? Миң тонна Кумтөр алтыны чоочун колго өтүп кеткенине ким күнөөлүү? Түрмөдө отургандарбы же президент мамлекеттик резиденцияда урмат -сый менен тосуп алгандарбы? 9 -октябрдагы баш аламандыкты ким баштаган? Тынч митингге келгендерби же аларга таш ыргытып тапанча менен аткандарбы? Же, балким, алардын артында туруп, көмүскө башкарган, азыр болсо мамлекеттик резиденцияда Садыр Жапаров менен жашап жаткандарбы?

Эмне үчүн Соке менен бирге өлкөнү Октябрь окуясына алып келгендер бүгүн мурдагыдай күч органдарын да, өлкөнүн экономикасын да башкарып жатышат? Эми алар өлкөнү кайсы аңга алып барышат? Эмне үчүн кылмыш иштер 5 -октябрда элге ок атууга буйрук бергендерге эмес эл менен чогуу аянтта жүргөндөргө козголуп жатат? Же Саке Сокенин ишин улантып жатабы?..

Ушундай суроолор элде көп ...Мунун баарын президент чын жүрөктөн түшүнүүгө аракет кылса болот, же көздү жумуп, Сокеге окшоп: "фактылар бергиле ..." деп кайталай берсе да болот.  Бирок жумулган көз менен келечекке жол табуу кыйын...

Урматтуу мекендештер!

Сөзүмдү айтылуу Ата бейитте эл окусун деп озум тандап ташка чекчейтип чактырган ыр саптары менен аяктагым келет:

Дүйнөгө ак калпакчан көрүндүк биз,

Асмандан жамгыр болуп төгүлдүк биз,

Чөп болдук жер тандабай өсө берген,

Булуттай аалам кездик, чачылдык биз,

Кырылып бара жатып тирилдик биз,

Бөлүнүп бара жатып бириктик биз!..

               ***

Майрам кутту болсун, мекендештерим! Жашасын эгемендүү Кыргызстан!"