28.09.2020 12:56

Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасады

Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасады

Экс-президент Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасады. Ал келе жаткан шайлоолор боюнча оюн билдирип, добуштарды сатпоого чакырды. 

Кайрылуунун тексти: 

Атамбаев: «Добушуңарды сатпагыла!»

Урматтуу мекендештер!

Шайлоого саналуу гана күн калды. Элибиздин, өлкөбүздүн келечегине кайдыгер болбой, шайлоого сөзсүз катышкыла. Жогорку Кеңештин жаңы курамын жакшылап ойлонуп, таразалап тандагыла!

Эгер парламентте Ак үйгө көз каранды болбогон, ачуу чындыкты ачык сүйлөгөн, элдин кызыкчылыгы үчүн тайманбай күрөшкөн депутаттар көп болсо, анда Кыргызстан кайрадан туруктуу өнүгүү жолуна чыгат, эч бир президент тоскоолдук кыла албайт. Биздин Конституция ошондой. А бирок эгер Жогорку Кеңеште көпчүлүктү кайрадан бийликтин чөнтөк партиялары, «чимкириктер» түзүп калса, анда эң начар президент да аларды койго окшотуп айдап, өз билгенин кылган, өтүгүн төргө илген зөөкүргө айланат. Өлкөдөгү азыркы кырдаал дал ушундай. «Чимкириктердин» жардамы менен Сооронбай Жээнбеков эч бир идеясы жок, стратегиясы жок, жеке кызыкчылыктарга алдырган мансапкорго айланып, өлкөбүздө кайрадан үй-бүлөлүк, кландык башкарууну орнотту.

Адилеттүүлүк, демократия, эркиндик үчүн күрөшкө жаңы жаш лидерлер кошулуп жатканы абдан кубандырып, үмүт берет. Бул жаштар сиздердин колдооңуздарга муктаж, урматтуу мекендештерим!

Мен бул шайлоодо «Социал-демократтар» партиясын колдойм, анткени мени сатпаган эски партиялаштарым, санаалаштарым, пикирлештерим бул шайлоодо «Социал-демократтар» менен чогуу баратат. Тунгуч уулум Сеидбек партиянын төрагасы болуп шайланып, «СДПК» менен атайын келишим түзүлдү. «Социал-демократтар» Жээнбеков-Матраимов кландарына каршы, үй-бүлөлүк режимге каршы ачык күрөшүп жатат.

Оппозициялык башка партияларды колдогон жарандарды да толук түшүнөм. Канча адам болсо ошончо пикир болот. Мен адилеттүүлүк жана демократия үчүн, коррупцияга каршы, үй-бүлөлүк режимге каршы күрөшкөн бардык партияларга ийгилик каалайм!

Урматтуу мекендештерим!

Жээнбеков-Матраимов кландары каржылаган, бийликти колдогон, «чимкириктерге» толгон партияларга добуш бербегиле! Акчага канчалык муктаж болсоңор да добушуңарды сатпагыла! Мекенибиздин, элибиздин келечегин сатпагыла!

«Баарына каршы» добуш бергиле дегендерди да укпагыла! Бул Ак үйдүн амалы, тузагы. Бийликке каршы болгондордун добушу текке кетип, эсепке алынбасын деген арам ой.

Урматтуу мекендештерим!

Добушуңарды эгемендүү, өнүккөн, күчтүү Кыргызстан үчүн бергиле! Үй-бүлөлүк режимге каршы бергиле! Коррупцияга каршы бергиле! Өзүңөрдүн, балдарыңардын келечеги үчүн бергиле!

Жараткан элибизди, жерибизди ар балаадан сактасын! Жамандыкты амандык жеңет! Баарыңар аман-эсен болгула, бактылуу болгула!

 

Урматым менен, экс-президент Алмазбек Атамбаев