01.05.2021 17:32

Садыр Жапаров бизди коргоңуз. Жерибизди бир кадам бергибиз келбейт. Энелердин кайрылуусу

Садыр Жапаров бизди коргоңуз. Жерибизди бир кадам бергибиз келбейт. Энелердин кайрылуусу

Садыр Жапаров бизди коргоңуз. Жерибизди бир кадам бергибиз келбейт. Баткен облусунун Арка айылынан качып чыккан энелер Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты. Алардын айтымдарында Жаңы-Жер айылынан билдирүүлөр келип жатат. Анда кыргыз аскерлери аз болуп, тажик тараптын аскерлери басымдуулук кылып жатканы айтылат. 

 

“Биздин солдаттар 200 чакты. Тажиктер 3миңден 5миңге чейин экен деп жатышат. Азыр биздин алдыбызда жигиттерибиз турат. Аларда эч кандай курал-жарак жок.  Садыр Жапаров бизди коргоңуз.  Бул жерде энелер ыйлап турушат. Бийликтен кол керек”-деди Арка айылынын тургуну.

 

“Жерибизди бир кадам да бергибиз келбейт. Алардын желегин илдиргиси келбеген жигиттерибизди тажиктер атып атат. Кан басымы көтөрүлүп айылдаштарыбыз өлүп жатат”-деди Арка айылынын дагы бир тургуну.