01.05.2021 15:08

 Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен бүгүн да сүйлөштү

 Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен бүгүн да сүйлөштү

 Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен бүгүн да сүйлөштү.

Өлкө башчы Садыр Жапаров тажик президенти Эмомали Рахмон менен телефондон сүйлөштү. Мамлекет башчылар чек арадагы абалды талкууга алышты. Бул тууралуу маалымат тажик президентинин расмий сайтына чыкты.

Эки тараптуу сүйлөшүү учурунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы аймактардагы абалды турукташтырууга өзгөчө көңүл бурулганы белгиленет.  

Эки тараптуу сүйлөшүү боюнча кыргыз тарап расмий маалымат тарата элек.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында жүз берген жаңжалдан Кыргызстандан 33 адам каза таап, 163 адам жарат алды.