“Тикенек” коронавирус артындагы орчундуу көйгөйлөрдү ачыктады

“Тикенек” коронавирус артындагы орчундуу көйгөйлөрдү ачыктады

Кемсинтүү, моралдык кысым, коркутуу. Токтогул аймактык ооруканасынын жетекчилиги кол алдындагы дарыгерлерге кысым көрсөтүүдө деп айыпталууда. Аталган бейтапкананын жамааты ачык кайрылуу жасаганга аргасыз болушту. Медицина кызматкерлери моралдык кысымдан сырткары, коронавирус менен ооруп калган ак халатчандарды эч кандай шарты жок бир бөлмөгө кысып жаткырып коюшканын ачыкташты. Айтымдарында сыз пол, жука жер төшөктө кыдырата тизилип дарыланышкан. 

Бийликтин кайдыгерлиги дарыгерди комага жеткирди. Мукарам Ураимова аттуу дарыгер коронавирус илдети жаңыдан күч ала баштаганда алгачкылардан болуп оорулуу бейтаптарды кабыл алган. Ноокат районундагы медициналык мекемеде 37 жылдан кем эмес эмгектенген. Тилекке каршы жумушунда жүрүп коронавирус жуктуруп, бирок тиешелүү медициналык жардам ала албай, комага түшүп калган. Дарыгер-айымга убадаланган кенемте убагында төлөнүп берилген эмес. 

Коронавирус боюнча өкмөттүн иши чабал. Кыргызстандагы бейтапканаларга суюк кычкылтек концентраторлору орнотулушу шарт эле. Бирок өкмөт кычкылтек концентраторлорун дайындагандын ордуна, ири суммадагы акчаларды керексиз, пайдасыз делген сасык тумоого каршы вакциналарды жана көчөгө чача турчу тазалоочу каражаттарды сатып алууга сарпташкан. Ал эми сасык тумоого каршы вакциналар бир гана пайдасыз эмес, айрым учурда адам өмүрүнө коркунуч жаратаарын эксперттер белгилешти. 

Асма уколдор адам өлүмүнө себеп болгон. “Кара июль” аттыккан коронавирустун биринчи толкунунда күндүзгү стационарларда асма уколдор арбын колдонулган. Медицина тармагы боюнча эксперттер жана дарыгерлер коронавируска каршы колдонулган асма уколдор чоң ката болгонун, кесепетинде жүздөгөн өмүрлөр кыйылганын ачыташты. 
Коронавирус илдетин дарылоого бөлүнгөн каражатты комуналдык кызматтарга сарпташкан. Кыргызстанда коронавирус илдетин жугузгандарды бир нече топко бөлүшүп, эң жеңил түрүнө 3 миң сомдон жогору, эң оор түрүнө 132 миң сомдон ашык акча ар бир бейтапка бөлүшкөн. Кызыгы, ошол каражаттардын ичине коммуналдык кызматты дагы кошуп салышкан. Бирок коммуналдык кызматтын коронавирус илдетин дарылоого кандай тиешеси бар? Мындан улам каражат бөлүштүрүүдө коррупция аралашканбы деген күмөн жаралбай койбойт. 

Тез жардам кызматы жардамга муктаж. Кадрларынын тең жарымы жок. Бишкек шаардык тез жардам кызматында жалпысынан 210 иш орду бар болсо, анын 88и бош турат. Анткени айлык аз, жумуш татаал. Анысы аз келгенсип, коронавирус илдетин жугузган тез жардамдын айрым кызматкерлерине кенемте төлөнгөн эмес. Болбосо жалпы жамааттын дээрлик 60/70% коронавирус менен оруп чыгышкан.