30.05.2020 16:58

УКМК: Документ жасоого шектелип укук коргоочу Камилжан Рузиев кармалды

УКМК: Документ жасоого шектелип  укук коргоочу Камилжан Рузиев кармалды

Ысык-Көл облусунда «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси Камилжан Рузиев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет маалымдады.

Укук коргоочу жасалма документ жасоо фактысы боюнча айыпталып жатат.

«Сотко чейинки өндүрүш материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «документтердин жасалмасы» жана «алдамчылык» беренелеринин негизинде катталды. Укук коргоочу Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. УКМК Азыркы учурда УКМК бул кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам тергөө ишин жүргүзүп жатат», — деп айтылат УКМК маалыматында.

Рузиев буга чейин ички иштер органдарындагы абалды сындап келгени белгилүү. Рузиев жана анын кесиптештери милициянын кыйноолорунан жабыркаган адамдарга жардам берет, ушундан улам ал бир нече жолу укук коргоо органдарынын кысымына кабылган.